7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Парламент минкабды тейлөө тармагындагы баанын өсүшүнө чара көрүүгө чакырды

16

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу парламенттин жыйынында жарандардан тейлөө тармагындагы баалардын өсүшүнө байланыштуу көптөгөн даттануулар түшүп жатканын билдирди.

Ал буга кафе-ресторандардагы жагдайды мисал кылды.

«Тейлөө бекер дегендери менен кафе-ресторандардын кожоюндары пайыздык төлөмдү тамак-аштын баасына кошуп коюшту. Тагыраагы, мурдагы 10-15 пайыздык тейлөө үчүн алынуучу акыны кайра тамак-аштын баасына киргизип, алар уттурган жок. Бирок, калктын чөнтөгүнө мурдагыдай эле терс таасир берүүдө. Андыктан, ушундай кадамдарды жасоодон мурун анализ жасалышы керек болчу. Бизде такси кызматы болобу, чач тарач болобу бардык тейлөө тармактарындагы баа дүйнөлүк ири шаарлардан да ашып кетти. Эл буга өтө нааразы», — деди төрага.

Ал эми министрлер кабинети аталган жагдай боюнча эч кандай иш алып барбай жатканын сынга алган Нурланбек Тургунбек уулу: «Февраль айында ушул маселелер боюнча аткаруу бийлигин чакырып, элдин үнүн, элдин нааразычылыгын ачык талкуулашыбыз керек», – деп кошумчалады.

17