7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Парламентке эки жаңы депутат келди

1251

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары кызматын ээлеп турган Равшан Рысбаев жана  Мейкинбек Абдалиев Жогорку Кеңешке депутаттык мандат алышты. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелдеги Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда белгилүү болду.

Маалым болгондой, алар мандатын тапшырган Марат Аманкулов менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы болуп дайындалган Мирлан Бакировдун ордуна келишти.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы болуп 30-мартта дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1252