Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн бирине жаңы төрөлгөн ымыркайын таштап кеткен келин изделүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2021-жылдын 19-мартта саат 07:35 чамасында Салиева көчөсүндө ак чүпөрөккө оролгон бала табылып, балдар үйүнө жеткирилген.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 150-берене (“коркунучта калтыруу”) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
“Андан бери дээрлик 10 күндөн ашуун убакыт өтсө дагы наристенин апасы табыла элек. Апасын издөө иштери бүгүнкү күндө деле улантылууда”,-деп айтылат маалыматта.