7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Парламентте бир катар мыйзам долбоорлорун четке кагуу сунушталды

657

Бүгүн, 3-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин чыгарган корутундусунун негизинде айрым мыйзам долбоорлорун четке кагуу маселеси каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жогорку Кееште төмөндөгү мыйзам долбоорлорун четке кагуу маселеси каралган:

  • “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Жарнама жөнүндө”, “Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору;
  • “Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору;
  • “КРнын айрым мыйзам актыларына (Салык кодекске, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө”, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору;
  • “Кыргыз Республикасындагы өзгөчө экономикалык аймактар жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору;
  • “КРнын айрым мыйзам актыларына (Салык кодексине, Жер кодексине, Токой кодексине, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө”, “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө”, “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору;
  • “Кластерлер жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору;
  • “Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорлорун четке кагуу тууралуу сунуш добуш берүүгө жөнөтүлдү.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

658