Ош мэриясынын Шаар куруу жана архитектура бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Пирматовдун баш коргоо чарасы Ош шаардык сотунда 2-мартта каралып, үй камагына чыгарылды.
Мэриянын бөлүм башчысы прокуратура тарабынан кармалган, бирок кылмыш иши боюнча маалыматтар тергөө кызыкчылыгына карай ачык айтылган эмес. Шаардык сот Пирматов 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянат пайдалануу) боюнча шектелип жаткандыгын билдирди. Ошондой эле үй камагына чыгарууга тергөөчүнүн сунуштамасы жана шаар ичинде туруктуу жашаган жери бар экендиги негиз болгон.
Ош шаарындагы курулуш жана архитектура тармагын көзөмөлдөгөн Алтынбек Пирматовду коомчулукта эң чоң жарнама тактайчасынын айланасындагы мыйзамсыз аракеттер боюнча кармалышы мүмкүн экендиги айтылып жаткан.