7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бактыбек Мамытов: «Үч күн бою апам мени толготуп, Үчүнчү март үрүл-бүрүл төрөлгөм»

2280

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Бактыбек Мамытов бүгүн, 3-мартта 72 жашка толду. Ал  1950-жылы 3-мартта Чүйдүн Ысык-Ата районундагы Алмалуу айылында төрөлгөн.
Балалыгы чоң эненин колунда өткөн диктордун чыгармачылыкка болгон ышкы оту дал ошол учурдан башталып, айылдагы кичинекей китепкананын китептерин 2-3 сыйрадан окуп чыккан.  Жүрөгүнүн тээ түпкүрүндө акындыкка болгон кызыгуу жатса да алгач ата-энесинин кеңеши менен айыл чарба институтуна тапшырган. Бирок сынактан кулап калат. Кийинки жылы өзү каалаган Улуттук университеттин филология факультетине окуу үчүн барып өтпөй калган. Ошентип өжөрлүк менен окууга тапшыруу үчүн төрт жыл тынымсыз аракет кылып жүрүп, өзү каалаган окуусуна өткөн. Бир нече жылдан бери кыргыз телесинин жүзү болуп келе жаткан диктор учурда дагы КТРКда эмгектенип, азыркыга чейин көрөрмандар күтүп көргөн «Арноо концерти» берүүсүндө редакторлук кызматты аркалап, алып барып келет. Талыкпаган, үзүрлүү эмгеги үчүн бир  нече мамлекеттик жогорку даражадагы сыйлыктарга ээ болгон.  Туулган күнү менен куттуктап байланышканыбызда төмөнкүлөргө токтолду.

«Туулган күнүмдө шаардын четинде жашаган уулум чакырып, азыр ошол жерде отурабыз. Маанайым жакшы. Ал эми кыргызда абалын сураса баарына эле «жакшы» деп айткан сөз бар эмеспи, менде да ошондой жакшы. Бир аз ооруп жумушка чыкпай калдым эле ооруканага жатып, азыр үйдө күн сайын дарыланып, эжең таң аткандан баштап эле дары, уколдорун берип баштайт. Буйруганы болот. Жакшымын буйруса. Чалып куттуктаганыңарга чоң рахмат«,- дейт Мамытов. 


Үчүнчү март

Жер баткактап, талаа, тоолор көгөргөн,
Ымыркай жаз үч күн мурун төрөлгөн.
Үч күн бою апам мени толготуп,
Үчүнчү март үрүл-бүрүл төрөлгөм.

Мага апам бул өмүрдү тартуулап,
Апам жазбы же, жаз апамбы талкуулап.
Бүгүн эми той өткөрөм досторго,
Жетимишке жеткенимди каңкуулап.

Үч күн мурун кыш эле го, мурунку ай,
А бүгүн жаз, үч күн толгон ымыркай.
Энелерин эмип улам эркелеп,
Кыр-кырларда оюн салат кулун, тай.

Апасы жок абышкага айланып,
Карылыктын казыгына байланып.
Төрдө отурам баарын көздөн өткөрүп,
Байбичемдин чайын ичип жайланып.
Төрдө отурам тойдун ээси шайланып.

Тагдыр жолу

Жетимиш жыл илгери балалыгым төрөлүптүр,
Ай өтүп тагдырымдын бешигине бөлөнүптүр.
Бешиктен бели чыгып, тамтуң басып,
Ата-энемдин колтугуна жөлөнүптүр.

Ата-энем кош колумдан жетелешип,
Турмуштун кыл чылбырын бекем эшип.
Тапканын, ташыганын жая салып,
Тамактын таттуусунан жесе дешип.

Балалыктын бакчасында болуптурмун,
Бала кезден бал даамын соруптурмун.
Ошентип ойноп жүрүп өмүр сүрүп,
Он жети, он сегизге толуптурмун.
О анан жигитчилик куракка өтүп,
Алдымдан тагдырымды жолуктурдум.

Тагдырым салкын эле тосуп алды,
Оромпой тээп, кээ бирде отун алдым.
Бирок дагы бир ирет кеңдик кылып,
Босогосун аттаттың окуу жайдын.
Жашоомдо жалгыз болуп калбайын деп,
Жаныма Жамийланы кошуп алдым.

Карап көрсөм төмөн эмес бийиктен,
Тагдырыбыз кошулушуп бириккен.
Анткендиги сенин сүйкүм келбетиң,
Көргөндө эле жүрөгүмдү жибиткен.
Алигиче болуп жүрөм бактылуу,
Сага жетпей калган далай жигиттен.

Ата-энем, туулган айылым

Алмалуунун аязында, аптабында,
Ал турсун топурак чаң, баткагында.
Мээримдүү бир башкача жылуулук бар,
Мен балким, түшүнбөгөм жаш чагымда.

Атама, апама окшош айылымсың,
Андыктан бул дүйнөдө дайынымсың.
Алыстап тагдыр мени алып жүрсө,
Акыры бир кайрылаар байырымсың.

Көкөйдө ата-энемден айрылганым,
Көп болду ата-энем деп кайгырганым.
Кээде бир келип калсам тобо кылам,
Анткени ата-энемдей айылымдамын.

Адаммын, айылымдын тамчысымын,
Ата-энемдин артында жарчысымын.
Арзыбасам жок дегенде босогого,
Атакем илип кеткен камчысымын.


Сүйүү менен жууп салалы

Тайсалдап башың салып үңүлбөгүн,
Таамайлап тагдыр сага таш ыргытса.
Наалыба эртеңиңден түңүлбөгүн,
Наристем көздөрүңдөн жаш кылгыртпа.

От көзүң жашка чайып муздатпачы,
Оп тарткан табына эңсеп күндө барсам.
Үшкүрүп жүрөгүмдү сыздатпачы,
Үмүттү айланчыктап түнгө калсам.

Оңубас Алыкулдун ырларындай,
Ойлоруң тумандабай таза болсун,
Ооруну сүйүү менен жууп салалы,
Тагдырга бизден ошол жаза болсун.

Биздеги сезим

Менде бар сезим сенде бар,
Сезбеген аны пенде бар.
Сен деле деле сезип жүрөсүң,
Сезимден ысык эмне бар?

Эч кимден алып көчүрбөй,
Эпкинин эптеп өчүрбөй.
Эңсеген сүйүүм жаш кезден,
Өзүңдөй болчу өзүңдөй.

Өмүрдү сүрдүк экөөлөп,
Өйдө бир төмөн өтө көп.
Азыр да сени карасам,
Асманда учам көкөлөп.

Менде бар сенде болсо экен,
Көңүлдөр бирге толсо экен.
Көргөндө мени сен дагы,
Көңүлүң учуп консо экен.

Отуна чыдап түтө албай,
Ойлогон ойду бүтө албай.
Асмандап жүрөм дагы эле,
Айланып жерге түшө албай.


Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2281