7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Парламентте эмделбеген балдар мектепке алынбайт деген маселе көтөрүлдү

153

Бүгүн, 9-апрелде Жогорку Кеңеште эмдөөдөн өтпөгөн балдар мектепке алынбайт деген маселе кабыргасынан коюлду.

Депутат Бактыбек Чойбеков президенттин өкүлүнө Билим берүү министрлигинин чечимин кайрадан карап чыгууну айтты.

“Кызамык коркунучтуу оору, эмдөө маанилүү, бирок бул медициналык эмес, конституциялык маселе. Конституция ар бир адам билим алууга укуктуу деп жазылган. Айрым балдардын вакцина алууга болбойт деген медициналык көрсөтмөсү болот. Оорукана эмес, ФАП болбогон айылдарыбыз бар. Аларга балдарыңар экинчи сорттогу дейбизби же билим алууга татыктуу эмес дейбизби? Маселени дыкат карап чыккыла”, — деди эл өкүлү.

154