7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дары-дармек менен камсыздоо департаментинин директору дайындалды

357

Дары дармек менен камсыздоо департаментинин директору болуп Нурдин Кагаздиев дайындалды. Тиешелүү буйрукка 26-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Эске салсак, аталган мекеменин жетекчисине УКМК дары дармектеп менен камсыздоодогу коррупциялык ишерге катыштыгы бар деген жүйө менен иш козгогон.

Кагаздиев Нурдин Маратбекович — үстүбүздөгү жылдын февралынан бери Дары дармектер мене камсыздоо департаментинин директорунун орун басары болуп иштеп жаткан.

36 жашта, жогорку билимдүү. Ж. Баласагын атындагы Улуттук Университетти жана И. К. Ахунбаев атындагы мамлекеттик медицина академисын бүтүргөн.

Иш тажрыйбасы:

  • 2008-2010 — Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыздоо департаментинин фармацевтикалык инспекция бөлүмүнүн жетектөөчү адиси.
  • 2010-2013 — Фармацевтикалык камсыздоо жана медициналык техника департаментинин Дары-дармектерди жана медициналык багыттагы буюмдарды сертификациялоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси.
  • 2014-2017 — Дары-дармек менен камсыз кылуу жана медициналык техника департаментинин фармацевтикалык инспекция бөлүмүнүн жетектөөчү адиси.
  • 2017 -жылдын август-сентябрь айында—Дары-дармек менен камсыз кылуу жана медициналык техника департаментинин фармацевтикалык инспекция бөлүмүнүн башкы адиси.
  • 2017-2021 — Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментинин фармацевтикалык инспекция бөлүмүнүн башчысы
  • 2021-жылдын феврал айынан ушул учурга чейин депортамент директорунун орун басары болгон.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

358