7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Парламенттин кезексиз жыйынында депутаттар мушташып кетишти

31686

Парламенттин жыйынында  депутаттар мушташып кетишти. Бул тууралуу видео жергиликтүү телекомпаниялар тарабынан көрсөтүлүүдө.

Маалыматка ылайык, жыйындар залына оппозициянын өкүлдөрү менен имараттын жанына нааразычылык акциясын уюштурган журналисттер кирип барышкан. Алар дем алыш күндөн бери премьер-министр Ираклия Гарибашвилинин отставкага кетүүсүн талап кылып чогулган журналисттердин баарын имаратка киргизүүнү талап кылышууда.

Парламенттин кезексиз сессиясы мушташтан улам үзгүлтүккө учураган.

Белгилей кетсек, 5-июль күнү өткөн митингде “ТВ Пирвели” телекомпаниясынын оператору Лексо Лашкарава жаракат алып, көп өтпөй көз жумганы маалымдалган. Анын өлүмүнүн себептери азырынча белгисиз, учурда экспертиза жүрүп жатат. Ошондой эле, ЛГБТ-коомунун аракеттерине каршы нааразычылык акциясында журналист сабалган. Анын көзү жабыркап, бир нече күн клиникада дарыланып чыккан. Буга ылайык төрт адам камакка алынган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

31687