Парламенттин жыйынында депутаттар мушташып кетишти. Бул тууралуу видео жергиликтүү телекомпаниялар тарабынан көрсөтүлүүдө.
Маалыматка ылайык, жыйындар залына оппозициянын өкүлдөрү менен имараттын жанына нааразычылык акциясын уюштурган журналисттер кирип барышкан. Алар дем алыш күндөн бери премьер-министр Ираклия Гарибашвилинин отставкага кетүүсүн талап кылып чогулган журналисттердин баарын имаратка киргизүүнү талап кылышууда.
Парламенттин кезексиз сессиясы мушташтан улам үзгүлтүккө учураган.
Белгилей кетсек, 5-июль күнү өткөн митингде “ТВ Пирвели” телекомпаниясынын оператору Лексо Лашкарава жаракат алып, көп өтпөй көз жумганы маалымдалган. Анын өлүмүнүн себептери азырынча белгисиз, учурда экспертиза жүрүп жатат. Ошондой эле, ЛГБТ-коомунун аракеттерине каршы нааразычылык акциясында журналист сабалган. Анын көзү жабыркап, бир нече күн клиникада дарыланып чыккан. Буга ылайык төрт адам камакка алынган.