7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Паспорт алуу жана каттоодон чыгуу тартиби жеңилдеди

131

Жарандар үчүн документтерди тариздөө жөнөкөйлөтүлдү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 23-январынан тартып 16 жашка толо элек жарандар үчүн жалпы жарандык паспортко документ тапшыруу тартиби жөнөкөйлөтүлдү. Мындан ары паспортту тариздөөдө жашаган жери боюнча каттоо талап кылынбайт. Мурда мындай талап каралган.

Жашы жете элек балага жалпы жарандык паспорт алуу үчүн документ тапшырууда ата-энесинин биринин катышуусу мүмкүн болбосо, нотариалдык тартипте күбөлөндүрүлгөн макулдук “Электрондук нотариат” маалыматтык системасында жеткиликтүү, арыз берүүчүдөгү уникалдуу код аркылуу кызматкерлер аталган макулдук тууралуу маалыматты автоматтык түрдө ала алышат. Кыргызстандын аймагында таризделген бардык ишеним каттар Калкты тейлөө борборлорунун (КТБ) автоматташтырылган маалыматтык системалары менен интеграцияланган.

Ошондой эле нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын негизинде жарандарды жашаган жери жана келген жери боюнча каттоодон чыгаруу мүмкүнчүлүгү каралды. Буга чейин катталган жаран КТБга жеке өзү кайрылууга тийиш болчу.

ID-картасын алмаштырган жарандар үчүн ата-энесинин биринин улуту боюнча улутун өзгөртүүгө өзүнчө жүйөө кошулду. Аталган жаңычылдыктын бардыгы министрлер кабинетинин 2025-жылдын 31-декабрындагы токтомуна ылайык ишке ашырылды.

132