7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Пенсионерлерге, жетим балдарга ID-карт акысыз берилет (ТИЗМЕ)

1207

Президенттин «Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө» Жарлыгын аткаруу иретинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылкы үлгүдөгү идентификациялык карта-паспортторун (ID-карта) акысыз берүү боюнча улуттук кампанияны ишке киргизет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин аталган Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү токтому иштелип чыккан, анын милдети жана максаты катары калктын аяр катмарына ар кандай пенсияларды жана жөлөкпулдарды дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылкы үлгүдөгү идентификациялык карта-паспорттору (ID-карта) менен акысыз камсыздоо жолу аркылуу алардын мыйзамдык укугун жана кызыкчылыгын канагаттандыруу болуп саналат.

Натыйжада, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) 2021-жылдын 1-майынан 31-августуна чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылкы үлгүдөгү идентификациялык карта-паспортторун (ID-карта) жоготуу учурунан тышкары, төмөнкү категориядагы жактарга акысыз берүү боюнча улуттук кампанияны өткөрүүнү пландаштырууда:
— толук мамлекеттик камсыздоодо болгон жана интернаттарда жашаган 16 жашагы балдар;
— ата-энеси экөө тең каза болгон 18 жашка чейинки жетим балдар (тоголок жетим);
— толук мамлекеттик камсыздоодо болгон жана интернаттарда жашаган бардык топтогу майыптар;
— 70 жашка чыккан пенсионерлерге, анын ичинде толук мамлекеттик камсыздоодо болгон жана карылар үйүндө жашаган карыя жарандар;
— 1941-1945-жылкы Улуу Ата-Мекендик согуштун жана Баткен окуяларынын катышуучулары.

Көрсөтүлгөн категориядагы жактар аталган жеңилдетилген тейлөөнү алуусу үчүн тийиштүү документтерди тапшыруусу зарыл.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1208