Чүй облусунун Москва районундагы Петровка айылында жыгач устундуу темир жабылган турак үйдүн, мончонун жана бастырманын 105 чарчы метр чатыры күйгөн. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен 67 жаштагы жана 23 жаштагы аял кишилер түтүнгө ууланып ооруканага жеткирилген. Абалдары туруктуу экендиги айтылат.
Белгилей кетсек, бир сутканын ичинде республиканын аймагында 22 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 24 бөлүм тартылган.