7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ПИКИР/ Эржан Кайымов: Ёлка арам дегендерди баатырга теңеп койгондор бар

1916

#ПИКИР -актуалдуу, көйгөлүү маселелер боюнча жазылган кызыктуу ой пикирлер менен бөлүшөбүз! Автордун пикири редакциянын позициянын билдирбейт, болгону элдин ой жүгүртүп тандоосуна коюп берет.

Эржан Кайымов — юрист, укук коргоочу.

Куру намыс деген түшүнүк бар го, куру ыймандуулук деген дагы бар окшойт.

Бир кездерде эмне деген мамлекеттерди жаратып, илимий ачылыштарды жасап, дүйнөгө жайылган илим-билимдин булагы болгон мусулман жамааты бүгүн жаңы жылдык Ёлка менен «салгылашууда». Ёлка арам деп жаңжал салган адамдын аракеттерин баатырдыкка дагы теңеп коюп атышат.
(Арам болсо караба Ёлканы, ага көңүл бурба, убактыңды коротпо, өз ишиңди кыл!)

Напсинин (эго) үстөмдүгү менен айланада ушунчалык арам иштер жасалууда, мусулмандарга лидер болом деген адам саунадан түз Мединага барган адамды коштоп баратат…

Падышалар зулумдугун улантып жатышат, мусулман мусулманды алдап, кордоп жатат.

Албетте мында дин менен адамдардын жеке аракеттерин айырмалай билүү керек жана бул дагы акылды талап кылат.

Бир нерсеге ынандым, адам баласынын напсиси ибадат кылууну дагы өздөштүрүптүр. Жан жок, кабыгы гана бар ибадаттар.

Ыйманга адамдар коркуп эмес, суктанып келиш керек, мажбурланып эмес, ой-жүгүртүп. Динге коркунуч жараткандар — дин туткандар өздөрү болуп жүрбөсүн!

Ушуну окуп, напсиси түтөп кеткендерге: Сабыр! Сабыр! Сабыр!..

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1917