«Duy Beni» түрк сериалы учурда рейтингдердин туу чокуларын тынымсыз багындырып жаткан учуру. Сериалда башкы ролду жараткан Джанер Топчу менен Рабия Сойтюрк көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгүнө айланган. Бул макалада жаш жана таланттуу актёрлор тууралуу кызыктуу маалыматтарды айтып беребиз.
Рабиа Сойтүрк 1996-жылы 11-мартта Стамбулда төрөлгөн. Ал 26 жашта. Ата-энеси иштегендиктен чоң ата, чоң энесинин колунда чоңойгон. Бирок, кыз буга нааразы болгон эмес. Ал интервьюларынын биринде мындай деген: «Менин дагы бир атам менен апам бар, мен башка балдарга караганда бактылуу чоңойгонмун».
Актриса мектепти аяктагандан соң, медициналык колледжге тапшырган. Ал кесиби боюнча медайым. Андан соң Стамбул университетине архитектор адистигине тапшырган.
Актриса болууну көп деле кыялданган эмес. Ал бул сфераны хобби катары көргөн. Анын киного болгон мамилеси биринчи жолу тартылгандан кийин өзгөргөн. Киного болгон сүйүүсү өсүп, ар кандай проекттерге тартыла баштаган. Башкы роль болбосо дагы ал үчүн кызык болуп, ар бир кастингтерге катышкан. «Duy Beni» сериалына кастингге чакырылып, ал жактан өтүп кеткен. Атактуулукту дал ушул сериал алып келди деп эсептейт. Рабия бош учурунда спорт менен машыкканды жакшы көрөт. Анын айтымында ал спортзалга барып, жаман энергияларды чыгарып алат. Жеке жашоосуна учурда убакыт бөлгөнгө убактысы жок. Өзүн учурда карьерага багыштап, мыкты актриса катары өнүктүргүсү келет.
Ал эми, кыздардын жүрөк оорусуна айланган Джанер Топчу 1997-жылы 25-июнда Стамбулда төрөлгөн. Учурда ал 25 жашта. Ал жаш кезинен эле ырдаганга, алып баруучу болгонго жана музыкалык аспаптарда ойногонго кызыккан. Ал театрда мектеп учурунда 6 жыл катышкан. Мектепти аяктагандан соң Стамбулдагы университеттердин бирине актердук кесипке тапшырган.
Бош убактысында саякаттаганды жакшы көрөт, бул ага энергия жана күч берет. Ошондой эле спорт менен машыгат. Джанердин эң жаман көргөнү бул – калп айтуу. Ал мындай учурларды байкагандан кийин жөн гана сүйлөшүүдөн баш тартып коет. Актер жеке жашоосу тууралуу ачык айтпайт, бирок маалым болгондой анын сүйлөшкөн кызы бар экендиги жана алар 7 жылдан бери сүйлөшүп келишээри айтылып келет. Аны күйөрмандары көбүнчө съемка учурунда көрүп калышып, соц.тармактарга жарыялап турушат.