7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Премьер-министр Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековду жамаатка тааныштырды

313

Премьер-министр Улукбек Марипов Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбековду жамаатка тааныштырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, министрлик колдогу мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, айыл чарба тармагындагы ишкерлерди колдоого алуу үчүн бардык күч-аракетти жумшоосу зарыл.

«Министрлик алдында айыл чарбаны реформалоо жана аймактарды өнүктүрүү боюнча натыйжалуу чараларды иштеп чыгуу боюнча маанилүү милдет турат, анткени, калктын басымдуу бөлүгү аймактарда жашайт», — деди ал.

Премьер-министр Улукбек Марипов ведомствонун жаңы жетекчисине жана жалпы жамаатка жемиштүү жана ийгиликтүү ишти каалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

314