7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Премьер-министр Улукбек Марипов Беларусиянын өкмөт башчысы менен жолугушту

224

Бүгүн, 5-февралда премьер-министр Улукбек Марипов Алматыга жасаган иш сапарынын алкагында Беларусиянын өкмөт башчысы Роман Головченко менен жолугушту.

Тараптар кыргыз-беларус кызматташтыгынын ар тараптуу багыттарын, эки өлкөнүн экономикалык алакасын талкуулашты.

Головченко Мариповду Кыргызстандын өкмөт башчысы болуп дайындалышы менен куттуктады.

Жолугушуунун жыйынтыгында өкмөт башчылар жакынкы аралыкта Бишкекте соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча кыргыз-беларус бизнес форумун өткөрүүгө макулдашты.

5-февралда Кыргызстандын премьер-министри Улукбек Марипов Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин Алматыда өтө турган кезектеги жыйынына катышат. Анда өкмөт башчынын Армения, Беларусия, Казакстан, Орусия жана Өзбекстандын премьер-министрлери менен жолугушары күтүлүүдө.

Марипов андан тышкары, «Almaty Digital Forum-2021» эл аралык форумунун ишине дагы катышат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

225