7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Премьер-министрдин иниси Бакытбек Марипов кызматынан бошотулду

357

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов кол койгон буйрукка ылайык,  Марипов Бакытбек Асамидинович Ош облусунун Ноокат районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Белгилесек, бул Улукбек Мариповдун Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматындагы алгачкы чечимдеринин бири. Чечим Кыргыз Республикасынын Конституциясынын           89-беренесинин 7-пунктуна ылайык, кызыкчылыктардын кагылышын жокко чыгаруу максатында кабыл алынды, себеби Бакытбек Марипов учурдагы Өкмөт башчынын бир тууган иниси болуп саналат. 

Мыйзамга ылайык, жергиликтүү бийлик  органдары аткаруу бийлигинин бир бөлүгү болуп саналат жана түздөн-түз Премьер-министрге баш ийет. 

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун «Мамлекеттик кадр саясаты жөнүндө» Жарлыгынын негизги багыттарынын бири катары жарандардын мамлекеттик жана муниципалдык кызматка бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга шарт түзүү жана кадрдык маселелерди чечүүдө коррупциялык тобокелдиктерди төмөндөтүү болуп эсептелет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

358