7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент 4 министрди кызматтан алды

437

Бир катар кызмат адамдары ээлеген кызматынан бошотулду. Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев тапшырылган эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн, Гүлнара Баатырова менен Умбриэль Темиралиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызмат ордуларынан бошотулду. Кызматынан бошотулгандардын катарында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри болуп келген Кудайберген Базарбаев да бар.

ДАЙЫНДАЛГАНДАР:

Буга чейин Саламаттык сактоо министри болуп иштеп кеткен Алымкадыр Бейшеналиев кайра ордуна кайтып келди.
Уланбек Усеков Билим берүү жана илим министринин милдеттерин убактылуу аткаруучу болуп иштеп баштады. Талантбек Иманов президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалса, Гүлнара Баатырова буга чейин Базарбаев жетектеп келген Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Нурия Кутнаева болсо, Иманов иштеп кеткен Санариптик өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Ошондой эле Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары кызматы Алмамбет Касымбековго жүктөлдү. Президенттин жарлыгына ылайык, Бектур Зулпиев президенттин кеңешчиси болуп дайындалды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

438