7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент агроөнөр жай көргөзмөсүнө жана «Алтын күз» жарманкесине барды (ФОТО)

713

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-октябрда, Бишкек шаарында өтүп жаткан «АгроТехЭкспо-2022» айыл чарба техникасынын көргөзмөсүнө жана «Алтын күз» жарманкесине барды.

Мамлекет башчысы «АгроТехЭкспо-2022» көргөзмөсүнө коюлган айыл чарба техникалары, ошондой эле мал чарбачылыгы, өсүмдүк өстүрүү жана кайра иштетүү тармагындагы жетишкендиктер менен таанышты.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров «Алтын күз»  жарманкесинде өлкөнүн аймактарында өндүрүлгөн айыл чарба продукциялары менен таанышты.

Андан соң, Мамлекет башчысы КРнын айыл чарба кызматкерлеринин күнүнүн 95 жылдыгына жана агроөнөр жай тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Ал айыл чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, агроөнөр жай тармагы өлкөнүн социалдык-экономикалык туруктуу өнүгүүсүн камсыздоого чоң салым кошуп жатканын белгиледи.

Президент Садыр Жапаров КРнын ак ниет эмгеги жана агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгына байланыштуу төмөнкү ишкерлерге жана айыл чарба кызматкерлерине ыраазычылык билдирди:

  • Мирлан Мырзакановго — «Эфтар Агро Комплекс» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору;
  • Гүлүмкан Болотовага — «Чабрец» дыйкан-фермердик чарбасынын башчысынын мал чарбасы боюнча орун басары;
  • Александр Колодняжныйга — «Кирби» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору;
  • Эмильбек Кыдыкмановго — Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин стратегиялык пландоо жана талдоо жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы;
  • Мырзабек Орумбаевге — «Адал Азык» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

714