7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: Акча уурдашты токтоткула. Бул менин акыркы эскертүүм!

681

Президент Садыр Жапаров социалдык тармактарда мамлекеттик кызматкерлерге кайрылуу жасады.

“Мындан эки ай мурда Тамчы аэропортуна конуп, Чолпон-Ата шаарын көздөй бет алдык. Аэропорттон чыгып бурула берген жерде даараткана сыяктуу аялдама көзгө урунду. Дароо эле Башкы прокурорго телефон чалып: «Ким салды, кайсы акчага салды, канчага салды текшерип, мага билдириңиз»,- дедим. Текшерип бүтүп, 840 миң сом коротулганын, «Кумтөрдөн» облуска бөлүнгөн акча экенин, айыл өкмөт курганын айтты. Албетте, акча жегендер камалды. Уурдагандарын эки эселеп кайтарып жатышат. Эми караңыздар, төмөндөгү аялдаманы 351 миң сомго куруп койдук. Болгону 351 миң сом акча кетет экен. Айырмасын караңыздар, тегерегинин баары айнек менен тосулган. Түнкүсүн күйүп- жанып турат. Көрүнүшү да жакшы. 15-20 жыл былк этпей турат. Муну мен эмне үчүн ушинтип жарыялап жатам?

Урматтуу мамлекеттик кызматкерлер, силерге сабак болсун деп жатам. 33 жылдан бери ушундай жолдор менен уурдап келгенсиңер. Ошол үчүн мамлекетибиз алдыга жылбай, өнүкпөй, уурдалып- тонолуп келди. Эми мындан ары мындай ыкма менен уурдаган уурулугуңар өтпөйт.

Мен буга чейин дагы баарыңарга эскерткем, дагы да эскертем. Мындан ары уурдаган сумманы эки эсе эмес, 5-10 эселеп кайтарасыңар жана түрмөдөн да чыкпайсыңар. Акыркы эскертүүм.

Кийин эскертпедиң дебегиле.

Дагы бир мисал. Талас шаарында балдар ойной турган аянтча курдук деп, төмөндөгү курулушка 4 млн 880 миң сом акча сарпташкан. Муну УКМКнын кызматкерлери таап чыгышты.

Ушул жерге кантип уялбай ушунча акча кетти дешти? Баары камалып, уурдалган акчалар мамлекетке кайтарылды. Эми кайрадан ошол жерди өз көзөмөлүбүздө курабыз.

Канча акча менен кандай курулгандыгы жөнүндө кийин маалымат беребиз. Урматтуу мамлекеттик кызматкерлер, акча уурдаштын мындай жолун токтоткула. Азыр эшикте 21-кылым.

Баардык жактан материалдардын өздүк наркын билип, бир заматта эсептеп чыгып, уурулуктун бетин ачып коебуз”-деп берилет кайрылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

682