7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент аламан байге ат чабышынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырды

228

Бүгүн, 31-августта Президент Садыр Жапаров Ош облусундагы Төлөйкөн ипподромунда өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына карата уюштурулган аламан байге ат чабышынын жеңүүчүлөрүн салтанаттуу түрдө сыйлады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчы алыскы аралыкка ат чабуунун катышуучуларын жана бардык келгендерди Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, бул күнү ат оюндары боюнча Президенттин кубогун өткөрүү жалпы кыргыз эли үчүн жакшы салтка айланганын белгиледи.

Президент Ош облусунун ипподрому бүгүнкү күндө миңдеген адамдарга толуп турганын белгилеп, муну менен улуттук ат оюндарынын ар бир жигиттин жашоосундагы ордун ырастады.

Көчмөн кыргыз эли эзелтеден жылкыны баалап келген, алар бүгүнкү күнгө чейин элибиздин турмушунун ажырагыс бөлүгү катары эсептелинет. Кошумчалай кетсек, кыргыздар байыртадан бери эле улуттук спорттун түрлөрүн күнүмдүк турмушуна жигердүү аралаштырып келет, анын максаты келечек муундарды чыдамкайлыкка, эрдикке, баатырдыкка, күрөшкө жана ар-намыска тарбиялоо болгон.

Садыр Жапаров белгилегендей, ата-баба салтын улай бүгүн Эгемендүүлүк күнүнө карата спорттун улуттук түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлүп, анда эң күчтүү жана татыктуу күлүктөр 32 чакырым аралыкты басып өтүп, марага жетишти.

Сөзүнүн аягында Мамлекет башчысы ата-бабалардын ыйык салтын улантып келе жаткандарга ыраазычылык билдирип, улуттук оюндарыбыз өнүгүп, дүйнөгө таанымал болушун каалады.

Ошондой эле Президент Садыр Жапаров «Достук» жана «Ынтымак» командаларынын ортосундагы көк бөрү боюнча Кыргызстандын Президентинин Кубогунун финалдык беттешине күбө болду.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

229