7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент «Алтын түйүн» республикалык балдар академиясынан кабар алды

760

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-майда, Бишкек шаарындагы «Алтын түйүн» балдар инженердик-техникалык академиясынан кабар алды. Окуучулар өлкө башчысына дронду башкаруу ыкмаларын, чыгыш күрөш оюндарын, өздөрү кураган мини-тракторду көрсөтүштү.

Жапаров робот техникасы, информатика, көркөм сүрөт, 3D моделдөө, астрономия сабактарынын бөлмөлөрү менен таанышты. Окуучулар Мамлекет башчысына өздөрү кураган роботтордун ар кандай моделдерин, роботтоштурулган жабдууларды, моделдөө жана программалоо долбоорлору менен тааныштырышып, чыгармачылык жетишкендиктери жана келечекке карай пландары жөнүндө баарлашты.

Садыр Жапаров өлкөнү экономикалык жактан жаңылоо максатында окуучулардын техникалык билимин мындан ары өркүндөтүүсүн толук колдоорун билдирди.

«Бүгүнкү күн өзүнүн башка талаптарын коюп жатат. Дүйнөлүк коомчулук “Муун 4.0” аталышындагы өнөр жай революциясына кошулду. Буга байланыштуу жаштардын билим алуусуна ар кандай мамилелерди талап кылган жаңы олуттуу чакырыктарга туш болуудабыз», — деп баса белгиледи Президент.

Ошону менен бирге өлкө башчысы  «Алтын түйүн» академиясынын бюджети эки эсе көбөйтүлөрүн баса белгилеп, филиалдарын өлкөнүн облус борборлоруна ачуу маселесин иштеп чыгууну тапшырды.

“Алтын түйүн” балдар инженердик-техникалык академиясынын жамааты мекеменин аймагында окуучулардын спорттук иш-чараларды өткөрүп, эс алуусу үчүн футбол жана волейбол аянтчаларын куруп берүүнү сурашкан.

Ушул жана башка айтылган бардык маселелерди тезинен ишке ашырууну Билим берүү жана илим министрлигине тапшырды.

«Алтын түйүн» республикалык балдар инженердик-техникалык академиясы 1961-жылы негизделген. Бүгүнкү күндө бул маалыматтык технологияларды колдонуу менен жаштардын STEM билим берүү жана илимий-техникалык чыгармачылыгын өнүктүрүү менен алектенген бирден-бир адистештирилген мектептен тышкаркы мекеме.

Анда  1800дөн ашуун окуучу онлайн жана оффлайн режиминде робототехника жана алгоритмдер, техникалык моделдөө негиздери, информатика жана программалоо, инженерия, 3D моделдөө, компьютердик дизайн, ойлоп табуучулук маселелерин чечүү жана патенттөө, сүрөт тартуу, шахмат жана башка багыттарда окутулууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

761