Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-сентябрда, Алай районунун Гүлчө айылында XIX кылымдагы чыгаан мамлекеттик жана саясий ишмер Алымбек Датканын 225 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чарага катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө көрүүчүлөргө Алымбек Датканын өмүр баянынын негизги баскычтарын ачып берген даректүү тасма, ошондой эле ал жашаган доордун атмосферасын жана анын өмүрүндөгү эң маанилүү эпизоддорду көркөм формада чагылдырган театралдаштырылган пролог көрсөтүлдү.
Садыр Жапаров куттуктоо сөзүндө Алымбек Датка көрө билген көсөм жана кеменгер мамлекеттик ишмер болгонун, аны менен иш-чарага катышкан түздөн-түз урпактары эле эмес, бүткүл кыргыз эли сыймыктанарын белгиледи.
Садыр Жапаров сыймыктануу гана эмес, датканын өмүр баянын жана Кыргызстандын тарыхындагы ролун изилдөө, анын мамлекеттүүлүктү чыңдоого кошкон салымын сактоо жана даңазалоо, бул мурасты келечек муунга өткөрүп берүү милдети турарын баса белгиледи.
Сөзүнүн соңунда Президент төкмө акындардын «Айтыш» сынагынын жеңүүчүсүнө Ош шаарынан батир алууга сертификат тапшырды. Ал эми ат оюндарынын — аламан байге, кунан чабыш жана жорго салыштын жеңүүчүлөрү автоунаалардын сертификаттарын алышты.