7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Азербайжандын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды. Анын миссиясы бүтөт

513

Президент Садыр Жапаров Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Гидаят Оруджевди анын миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы Азербайжан Кыргызстандын маанилүү өнөктөшү экенин жана өлкөлөр ортосундагы мамилелер жалпы тарых, маданият, тил, руханий жана диний баалуулуктардан келип чыккан бекем достук жана бир туугандыкка негизделгенин белгиледи.

Президент Садыр Жапаров  Гидаят Оруджевге жана анын жакындарына чың ден соолук жана мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгилик каалап, ошондой эле  Азербайжан Президенти Ильхам Алиевге салам жолдоону өтүндү.

Азербайжандын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Гидаят Оруджев Мамлекет башчысына ыраазычылык билдирип, ошондой эле Азербайжан Президенти Ильхам Алиевдин боордош Кыргызстандын элине эң жакшы каалоо-тилектерин билдирди.

Гидаят Оруджев Кыргызстан менен Азербайжан ортосундагы кызматташтык мындан ары да тереңдеп жана кеңейерине ишенимин билдирди.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

514