7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
21°C

Президент: Азык-түлүктүн баасы дүйнө жүзү акыркы 60 жылдан бери көрө элек көрсөткүчкө чыкты

179

Геосаясий чыңалуу дүйнөнү регионалдык жана субрегионалдык, финансылык жана экономикалык блокторго жана тутумдарга бөлүп-жарууга алып баратат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 19-сентябрда, Нью-Йорк шаарында (АКШ) БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын Жалпы дебаттарында билдирди.

«Ошондой эле, ар кайсы өлкөлөрдүн өкмөттөрү экономикалык, технологиялык жана геосаясий тандоолорду жасоого аргасыз болору айдан ачык болуп турат. Дүйнөлүк масштабдагы соккулардын арасынан али жок болуп кете элек, миллиондогон адамдардын өмүрүн алган жана 12 триллион доллардан ашкан экономикалык жоготууларга себеп болгон коронавирус инфекциясынын жайылышын белгилегим келет. Инфляциянын эң жогорку деңгээли байкалып, азык-түлүктүн баасы дүйнө жүзү акыркы 60 жылдан бери көрө элек көрсөткүчкө чыкты.

Геоэкономикалык фрагментация тобокелдиктери, эл аралык валюта фондунун маалыматы боюнча, дүйнөлүк ички дүң өнүмдүн 7% га төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн. Өлкөлөрдүн жана өлкөлөрдүн топторунун ортосундагы ишенимдин төмөндөшү кооптондурат. Ошентсе да, климаттык кризис, азык-түлүк коопсуздугунун коркунучу жана өсүп жаткан теңсиздик сыяктуу глобалдык чакырыктар жана тобокелдиктер, тескерисинче, эл аралык коомчулуктун мүчөлөрүн бириктирет деп ишенем. Дүйнөдөгү геосаясий ландшафттын андан ары бытырашына жол бербеген көп тараптуу системаны куруу өтө зарыл.

Мындан 78 жыл мурун, Бириккен Улуттар Уюму адамзат тарыхындагы эң кандуу жана кыйратуучу согуштан кийин жаңы гана ишин баштаганда, эл аралык шарттар азыркы күндөргө караганда жеңилирээк беле, деген суроо туулат. Же анда карама-каршылыктар, айрыкча саясий жана идеологиялык, азыркыга караганда анчалык курч эмес беле? Мүчө-мамлекеттердин бири-бирин угуусуна жана пикир келишпестиктерди жоюуга, диалогду жөнгө салууга эмне тоскоолдук кылууда?

«Темир көшөгө» жана аскердик-блоктук ой жүгүртүүгө карабастан, өткөн мезгил аралыгында Бириккен Улуттар Уюму өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан, чоң жана чакан өлкөлөрдү бириктирген, дипломатиянын эң мыйзамдуу жана жалпы таанылган платформасы болгон жана болуп кала берет. Кыргызстан адамзаттын алдында тынымсыз пайда болуучу чакырыктарды чечүүгө Уюмга мүчө болгон бардык мамлекеттер тарабынан ыйгарым укук берилген жалгыз универсалдуу түзүм катары Бириккен Улуттар Уюмун чечкиндүү колдойт. Башкы катчы Антониу Гутерреш мырзанын жетекчилиги астында жана мүчө мамлекеттердин олуттуу жардамы менен Бириккен Улуттар Уюму өзүнүн функцияларын мындан да натыйжалуу аткаруу механизмдерин жана жолдорун таап, мүчө мамлекеттерге актуалдуу глобалдык көйгөйлөрдү чечүүдө жана чакырыктарды жеңүүдө көмөктөшөт деп ишенем»,- деди Жапаров.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

180