7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: «Бүгүнкү күндүн Жаңыл Мырзалары күйөрмандарынын купулуна толгон күрөш көрсөттү»

724

Президент Садыр Жапаров Казакстанда өтүп жаткан Азия чемпионатында байгелүү орундарды багындырган спортчу кыздарды куттуктады.

«Кыздарыбыз да мыкты, күйөрмандарынын купулуна толгон күрөш көрсөттү. Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатында өзүнүн эң мыктылыгын бешинчи ирет жеңүүчү болуп далилдеди. Күмүш алган Айпери Медет кызын, коло медаль алган Калмира Билимбекованы чоң спорттогу бул ийгиликтери менен куттуктайм! Сиздер бүгүнкү күндүн Жаңыл Мырзасысыздар. Силерге карап миңдеген сиңдилериңер спортко кызыгып, максат коё билүүнү үйрөнөт. Албетте, Мээрим Жуманазарова баш болгон башка балбан кыздарыбыз багынта турган жеңиштер алдыда. Андыктан алар машыгууларына жаңы дем күч менен кайтып келет деп ишенебиз. Учурдан пайдаланып спортчуларыбыздын машыктыруучулар курамына да ыраазычылык билдирем. Ошону менен катар эртең килемге чыга турган эркин күрөш боюнча балбандарыбызга ийгилик каалайм» — деди президент.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

725