7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Балыкчыдагы капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийинки автобекетти көрүп чыкты

310

Президент Садыр Жапаров Балыкчы шаарындагы капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийинки автобекетке кыдырып көрдү.

Автобекет 1970-жылдары курулган. Узак жылдар бою ал жеке менчикте болгон. 2025-жылдын апрель айында автовокзал Балыкчы шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына алынган.

Кийинчерээк аны толук реконструкциялоо башталган. Бардык бөлмөлөр оңдолуп-түзөлдү. Автобекете жүргүнчүлөр үчүн мейманкана жана кызматкерлер үчүн жатакана иштейт. Айланасы көрктөндүрүлгөн. 

Мамлекет башчысы заманбап күтүү залын, айдоочулар жана тейлөө кызматкерлери үчүн бөлмөлөрдү, диспетчердик бөлүмдү көрүп чыкты.

Бул жерде Садыр Жапаров жергиликтүү тургундар менен баарлашып, алардын сунуш-пикирлерин, анын ичинде бала бакча, мечит жана башка социалдык объектилерди куруу маселелери боюнча кайрылууларын укту. 

Андан ары Балыкчы шаарынын мэри Баатырбек Жантаев Президент Садыр Жапаровго шаарды көрктөндүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди. Анын ичинде шаарга кире бериш арканы жаңылоо жана айланма жолдогу тыгындарды жоюу үчүн балык базарын көчүрүү бар. Бул максатта сатуучулар үчүн да, сатып алуучулар үчүн да ыңгайлуу шарттар түзүлгөн заманбап базар курулат.

 

 

311