7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиевди кабыл алды

508

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-февралда, КРнын билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы тарабынан илим жана билим чөйрөсүн өркүндөтүү боюнча бир катар конкреттүү милдеттер коюлуп, бул маселе боюнча артыкчылыктуу пландар жана милдеттер талкууланды.

Садыр Жапаров билим берүү жана илим тармагы — мамлекеттин келечегин аныктаган стратегиялык маанилүү жана өтө жооптуу тармак экенин баса белгиледи.

Ал 2022-жылдын башында билим берүү жана илимди каржылоо маселесине өзгөчө көңүл бурулганын, тагыраак айтканда Билим берүү министрлигинин бюджети 29 млрд сомдон 49 млрд сомго чейин көтөрүлгөнүн дагы бир жолу эске салды. Каражат бөлүү менен эле көйгөй чечилбей тургандыгы түшүнүктүү, ал үчүн комплекстүү иш-аракеттерди жасоо зарыл.

Президент мугалимдердин кесиптик даярдыгына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын, анткени окуучулардын алган тарбиясы жана билими алардын квалификациясына жараша болорун белгиледи.

Мындан башка Мамлекет башчысы маалыматтык технологиялардын доорунда заманбап тенденцияларды ээрчүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи – мугалимдердин окутуу ыкмалары реалдуулукка шайкеш келиши керек. Билим берүү системасы реформага муктаж.

Садыр Жапаров илим тармагындагы маселелерге да токтолуп, Министрлик менен Улуттук илимдер академиясынын өз ара мамилесин чыңдоо зарылдыгын баса белгиледи.

Өз кезегинде министрдин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиев Мамлекет башчыга билим берүү тармагын өнүктүрүүнүн жакынкы пландары жана келечеги тууралуу маалымат берди. Ал билим берүү процесстеринин сапатын жогорулатууга багытталган Концепцияны жакынкы күндөрү сунуштай турганын билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

509