7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: Борбор Азиядагы уникалдуу эң чоң стадиондун курулушу башталды

193

Президент Садыр Жапаров көптөн күткөн Борбор Азиядагы уникалдуу эң чоң футболдук стадиондун курулушу башталганын айтып, эки жылдан кийин ачылышы болоорун билдирди.

“Урматтуу кыргызстандыктар! Борбор Азиядагы уникалдуу эң чоң футболдук стадиондун көптөн күткөн курулушу башталды. Кудай буюрса, эки жылдан кийин ачылышын жасайбыз.

Жалпысынан 22 адис архитектуралык бөлүмдө иштеп жатат.

(12 адам – Түркиядан, 10 адам – Кыргызстандан).

Инженер- электриктер бөлүмүндө – 7 адис.

(4 адам – Түркиядан, 3 адам – Кыргызстандан).

Инженердик ички коммуникациялар, желдетүү жана өрткө каршы тутум бөлүмүндө – 7 адис.

(ОВиК ВК жана АПТ)

(4 адам – Түркиядан, 3 адам – Кыргызстандан).

Инженер-конструктор – 12 адис

(7 адам – Түркиядан, 5 адам – Кыргызстандан).

Консультациялык топ – 6 адис

(3 адам – Англиядан, 3 адам – Түркиядан).

Бул стадион эмнеси менен уникалдуу?

Борбор Азиядагы 45 000 көрүүчүгө ылайыкталган эң чоң стадион.

Стадиондун дизайнынын өзөгүн кыргыз маданиятынын маанилүү бөлүгү болгон

боз үй феномени түзөт.

Дизайнынын өзгөчөлүгү анын формасынын уникалдуулугунда.

Борбор Азиядагы эң чоң жабык унаа токтотуучу жай 3600 унаага ылайыкталган. Анда стадион гана эмес, 35 000 м2 аянтты ээлеген спорт дүкөндөрү жана соода борборлору да болот.

Көпчүлүк стадиондордо болбогон ФИФАнын А категориясындагы талаа диоддук жарыгы менен жарыктандырылат.

“Гибриддик газон технологиясы” менен камсыздалып, АФКнын финалдык жана ФИФАнын тайпалык матчтары өткөрүлөт.

Имараттын отуруучу аянты 70,000 м2.

Курулуш аянты 180,000 м2.

8 кабат, бийиктиги 70 метр.

Стадиондун диаметри 280 метр тегерек формада.

Стадиондун аянты 85000 м2.

60,000 м2 жабык унаа токтотуучу жай жана техникалык жайлар бар.

Стадиондун курулушуна сарпталуучу 135 000 м3 көлөмдөгү бетондун баары ата мекендик өндүрүштү колдоо максатында Кыргызстандан сатылып алынат.

Мындан тышкары, маанилүү болуп саналган жумушчу күчүнүн басымдуу бөлүгүн жумуш орундарын камсыз кылуу үчүн Кыргызстандын жарандары түзөт.

Темир-бетон иштерин 13 айда бүтүрүү пландалууда.

Электромеханикалык иштерин жана 50м оор блоктон жасалган чатырды колдонуу менен 7 ай ичинде аяктоо каралган.

Башка иштер 6 ай бою улантылса, демек, курулуштун болжолдуу мөөнөтү 2 жылды түзөт.

Каражат маселесин толугу менен төлөп бердик.

Кудай бөөдө кырсыктан тышкары кылса, эки жылдан кийин бул стадион элибиздин керегине жарап, кызмат кыла баштайт”,-деди өлкө башчы.

194