7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент CASA-1000 долбоорун каржылоо келишимин ратификациялады

138

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы 2025-жылдын май айында кол коюлган CASA-1000 долбоорун каржылоо келишимин ратификациялады.

Документте Борбордук Азия-Түштүк Азия (CASA-1000) электр энергиясын өткөрүү жана соодалоо долбоорун кошумча каржылоо каралган.

Финансы министрлигине келишимдин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон бардык ички жол-жоболор аяктагандыгы тууралуу Европа инвестициялык банкына кабарлоо тапшырылды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күндөн кийин күчүнө кирет.

CASA-1000 – Борбордук жана Түштүк Азиянын энергетикалык системаларын бириктирүү аркылуу Кыргызстан менен Тажикстандан Ооганстан менен Пакистанга электр энергиясын экспорттоону караган аймактык долбоор.

2018-жылы башталган долбоор жаңы энергетикалык инфраструктураны куруу аркылуу аймактан 1300 мегаватт ашыкча электр энергиясын Түштүк Азиядагы суроо-талап жогору болгон электр рыногуна өткөрүүнү көздөйт.

139