7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: «Чоң шайлоого кийлигишпеген, ушул бир округдун шайлоосуна киришмек белем!»

539

Мен чоң шайлоого кийлигишкен жокмун. Анан ушул бир округдун шайлоосуна киришмек белем. Бул тууралуу Садыр Жапаров «Кабарга” Бишкектин Ленин округу боюнча ЖК депутатын шайлоо боюнча пикирин билдирип жатып айтты.

«Мындан ары кандай гана шайлоолор болбосун, таза өтүп турат, буюрса.  Кимиси марага биринчи келсе, ошол талапкер депутат болсун. Биз өткөндөн сабак алышыбыз керек. Шайлоолордун башаламандык менен таза эмес өткөндүгүнүн кесепетинен үч жолу төңкөрүш болду. Мындан ары андайга жол да, негиз да бербейбиз. Элдин добушун сатып алам деген бай талапкерлер дагы андай ойлорунан азыртан кайтыш керек! Биз шайлоолорду таза өткөрүүгө бет алганбыз. Ушул багытты баарыңар колдоп, коштоп турушуңар зарыл! Болбосо эч качан оңолбойбуз» — деди президент.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

540