7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Принцесса Дури». Жарандарды уруп-сабаган видео боюнча ИИМ эмне дейт?

962

Социалдык тармактарда белгисиз жарандарды сабап жаткан видео боюнча баңги топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

26-мартта күрөөчүлөр делген жарандарды белгисиз адамдар сабап жаткан видео жарыяланып, коомчулукта чоң резонанс жараткан.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында өздөрүн милиция кызматкери катары тааныштырып, күрөөчүлөрдү ээн жерлерге алып барып, сабап, “Принцесса Дури” аталышындагы интернет-дүкөнүнөн уурдалган баңгизаты үчүн кечирим суроого мажбурлашкан.

Бул көрүнүштү шектүүлөр камерага тартып, кураторлоруна жөнөтүшкөн. 3-апрель күнү 2001-жылы туулган А.у.Г., 2000-жылы туулган К.Т. жана 2004-жылы туулган К. А. кармалып, буюм далилдери алынган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси менен кылмыш иши козголгон, анда мүлкүн алып коюу менен 10 жылдан 12 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу каралган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

963