7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Дүйнө чемпионатында байгелүү орун алган Мунарбек Сейитбек уулун куттуктады

577

Президент Садыр Жапаров Дүйнө чемпионатында коло медаль алган боксчу Мунарбек Сейитбек уулун куттуктады.

“Бул жолу Мунарбек Сейитбек уулун кыргыз элинин жана өзүмдүн атымдан коло медаль жеңип алышы менен куттуктайм!

Бул Кыргызстандын жаңы тарыхында бокс боюнча дүйнө чемпионатындагы биринчи байгелүү орун.

Мушкерибиз көпчүлүккө Союз маалында атагы алыска кеткен кыргыз бокс мектебинин кайра жандануусунан кабар бергендей таасир калтырды десем жаңылышпайм.

Спортто өйдө-ылдый болуп турат. Коло болсо да бул кыргыз спорту, айрыкча жаш спортчулар үчүн чоң дем шыкак болуп берсе, жалпы спорт ышкыбоздору үчүн чоң сыймык.

Мушкерибизге чың ден соолук жана алдыдагы мелдештерине спорттук ийгилик каалайм!»-деди өлкө башчысы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

578