Бүгүн, 16-майда капиталдык оңдоодон кийин УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын Сокулук райондук бөлүмүнүн имаратынын расмий ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Ачылыш аземине Камчыбек Ташиев, УКМКнын өздүк курамы, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлер катышышты.
Жаңы имарат кызматкерлер үчүн керектүү заманбап жабдуулар менен толук жабдылган жана иштөө шарттары бардык талаптарга жооп берет.
Ташиев кызматкерлерди куттуктап, мындан ары да мамлекеттин бардык облустарында жана райондорунда өз милдеттерин натыйжалуу аткаруу үчүн шарттар түзүлө турганын белгиледи.