7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эл алдында бетин жашырып келген жылдыз Сиа тууралуу фактылар

633

Сиа джаз, фолк, соул жана поп стилдеринде иштеген австралиялык ырчы. Ал эл аралык сахнадагы эң атактуу жылдыздардын катарына киргенине карабай, эл алдына көрүнүп жашаганды жакшы көрбөйт. Өзүнүн клиптерине тартылбаган жана сахнага жүзүн жашырып парик кийип чыккан Сиа жөнүндө кызыктуу фактыларды бул макаладан окуй аласыздар.

1) Ырчынын толук аты-жөнү Сиа Кейт Изобель Ферлер. Ал Австралияда ырчы жана композитор Лоэн Ферлер жана музыкант Фил Б.Колсондун үй-бүлөсүндө төрөлгөн.

2) Ырчынын ырлары “Великий Гэтсби”, “Сумерки”, “Голодные игры”, “Дневники вампира” кинолорунун саундтректерине айланган. «Человек Паук 2» тасмасы да Сианын музыкасы менен коштолмок. Бирок, компанияда болгон чырдан улам, бул долбоор ишке ашкан эмес.

3) Сиа — эң популярдуу компазиторлордун бири. Кристина Агилера ал үчүн жазылган композицияларды “Bionic” пластинкасынын «жүрөгү» деп атаган. Эминем, Бейонсе, Кэти Перри, Бритни Спирс, Девид Гетта менен кызматташкан. Бирок эң белгилүү жана хит болгон Рианнанын «Diamonds» аттуу ыры болуп эсептелинет. Эң кызыгы узак убакыт бою ар кандай чарттардын башында турган композициянын сөздөрү болгону 14 мүнөттүн ичинде жазылган.

4) Сиа аутоиммундук базедов оорусу менен күрөшүп келет. Анын белгилери булчуңдардын алсыздыгы, ачуулануу, жүрөктүн тез согушу. Оорудан улам ырчы мезгил-мезгили менен концерттеринин убактыларын өзгөртүүгө мажбур болот.

5) Ал радикалдуу сергек жашоо образын карманат жана вегетарианка, йога күйөрманы.

6) Сиа абсолюттук деңгээлде интроверт. Ал парик кийип, адамдардан жана камералардан жашынуу үчүн бетин көп боёп жүрөт.

7) Сиа Universal менен келишим түзүп жатканда, 2004-жылы «Breathe Me» балладасын камтыган «Colour the Small One» пластинкасын чыгарган. Андан улам популярдуулукка ээ болгондуктан компания көбүрөөк кайгылуу ырларды талап кыла баштайт. Бирок, ал кийинки альбомуна оптимисттик поп обондорун жазгандыктан, аталган келишим жокко чыккан жана альбомдун чыгуу убактысына кедергисин тийгизген.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

634