Төрага Нурланбек Шакиев Азербайжандын жалпы улуттук лидери Гейдар Алиевдин 100 жылдыгына карата өткөрүлгөн жыйында улуу инсандын баскан жолу тууралуу кеңири баяндама жасады.
Ошондой сөзүн түрк тилинде да улантып: “Кыргызда “Жамгыр жааса – жер ырысы, баатыр туулса – эл ырысы” – деген накыл сөз бар. Анын сыңарындай, Азербайжан эли Гейдар Алиевдей улуу адамы, дүйнө жүзү боюнча кадыр-баркка ээ болгон таанымал лидери менен сыймыктанып, “Элибиздин баатыры” даңазалашарын белгилегим келет” – деди.