7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: Дача-СУ окуясы боюнча иш абдан начар, жай жылып жатат

899

Дача-СУ окуясы боюнча иш абдан начар, жай жылып жатат. Бул тууралуу Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына жазып, коомдук комиссия түзүү чечимин кабыл алгандыгын билдирди.

«Урматтуу кыргызстандыктар! 

Эл койгон негизги талаптардын сап башында «Ош окуясы менен Дача-СУ окуясын иликтеп, аягына чыгарып бергиле» деген талап болгон. Ош окуясын иликтөө аяктап калды деп маалымат беришти. Жакында иш сотко кетет экен. Ал эми Дача-СУ окуясы боюнча иш абдан начар, жай жылып жатат. «Иликтеген тергөөчүлөр мурда дагы иликтеген, балким көп нерселерди жашырып коюп жатышабы» деген маалымат беришти. Ошондуктан, коомдук комиссия түзүү чечимин кабыл алдым. Жакында тескеме чыгат. Активдүү жарандарыбызды, иликтөөчү журналисттерибизди, өкмөттүк эмес уюмдардан өкүлдөрдү дагы чакырабыз. Иликтөөгө мамлекет тараптан ар тараптуу жардамдар көрсөтүлөт. Тергөө тобундагы кагаздар менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн түзүп беребиз.

Каалоочулар болсо Администрациянын укуктук жактан камсыздоо башкармалыгынын башчысы менен байланышыңыздар — Мурат Укушов (0312 625026)»,- дейт өлкө башчы.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

900