7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Талант Мамытов Жеңиш майрамын утурлай ардагерлерди куттуктап келди (ФОТО)

574

Кечээ, 7-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 9-май Жеңиш майрамын утурлай Бишкек шаарында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери Туркөнакун Бейшембаев менен Василий Пухаревдун үйүнө барып куттуктады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Төрага Талант Мамытов ардагерлерди келе жаткан майрамы — Жеңиш күнү менен куттуктап, согуш учурунда көрсөткөн каармандыктары үчүн аларга ыраазычылыгын билдирди.

 

 

 

 

 

“Биз азыркы тынч турмушту тартуулаган ардагерлерибиздин эрдигин эч качан унутпайбыз. Анткени Улуу Жеңиш майрамы каармандыктын жана тайманбастыктын үлгүсү катары тарых бетинде түбөлүккө кала берет. Айрыкча, көп улуттуу мамлекеттибиздин бүтүндүгү, тынчтыгы үчүн күрөшүп, кан күйгөн согушта каармандык көрсөткөн сиздердей аталарыбыздын баскан жолу баарыбызга өрнөк», — деди.

Ошондой эле ардагерлерге дөөлөттүү карылык, узак өмүр, бекем ден соолук тилеген Талант Мамытов Төраганын резервдик фондунан 30 миң сомдон акчалай жардам көрсөттү. Муну менен катар азык-түлүк баштыктарын тапшырды.

 

Ардагерлер өз кезегинде келип кабар алгандыгы үчүн Жогорку Кеңештин Төрагасына ыраазычылык билдирип, акыл-насааттарын айтуу менен бардык кыргызстандыктарга тынчтык, ынтымак жана биримдик каалашты.

Учурда уул-кыз, небере-чөбөрөлөрүнүн төрүндө, дөөлөттүү өмүр сүрүп жаткан 98 жаштагы Туркөнакун Бейшембаев согуш жылдары Украина, Беларусь, Венгрия, Молдавия, Чехословакия аймактарындагы кан күйгөн апаатка катышкан. Ага ылайык, көрсөткөн эрдиги үчүн Ата-Мекендик согуштун II даражадагы ордени баштаган бир катар сыйлыктарга татыган. Уулу Ишенбек Бейшембаев белгилегендей, ардагер согуштан кийин да жооптуу кызматтарда иштеп, өлкөнүн өнүүгүсү үчүн зор эмгек жумшаган.

Ал эми 99 жаштаган Василий Пухарев майданда аткычтар полкунда кызмат өтөп, Улуу Ата-Мекендик согуштагы каармандыгы үчүн бир катар орден, медалдарга ээ болгон.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

575