7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: Электрондук парламентке өтпөсөк, 5 жылда 65 тонна кагаз жок кылыптырбыз

139

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңеште сөз сүйлөп жатып, депутаттарды кагаз-калем колдонуудан баш тартууга чакырды.

Өлкө башчысы жылына парламентке ондогон тонна кагаз сатып берилип жатканын айтты.

“2021-жылы 9 тонна, 2022-жылы 13 тонна, 2023-жылы 9 тонна, 2024-жылы 18 тонна, 2025-жылы 10 тонна, жалпысынан 5 жылда 65 тонна кагаз кетиптир. Башка дагы чыгымдар бар. Биз кагаздарды чет өлкөдөн импорттойбуз. Ошондуктан биз импорттон кетишибиз керек. Төрага оргтехника менен жакын дос экен, ошол мени кубандырды. Анткени, өзү түшүнгөн адам тез өткөрөт деп ойлойм. Кагаз менен калемди унуткула, бул замандын талабы”, — деди президент.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

140