7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент иш сапары менен Россияга учуп кетти

416

Садыр Жапаров бүгүн, 7-майда, расмий сапар менен Москвага учуп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Сапардын жүрүшүндө Россиянын президенти Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр күтүлүүдө.

Өлкө лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, ошондой эле өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашат.

Ошондой эле, расмий сапардын алкагында Садыр Жапаровдун башка расмий адамдар менен жолугушуусу пландалган.

Мындан тышкары, мамлекет башчысы 9-майда ардактуу конок катары Москвадагы Жеңиш парадына барат.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында:

Адылбек Касымалиев – Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары;

Жээнбек Кулубаев – тышкы иштер министри;

Муратбек Азымбакиев – Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;

Марат Иманкулов — Коопсуздук кеңешинин катчысы;

Гульнара-Клара Самат — Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси;

Улан Ниязбеков — ички иштер министри;

Аскарбек Жаныбеков — айыл чарба министри;

Тилек Текебаев — транспорт жана коммуникациялар министри;

Данияр Амангелдиев — экономика жана коммерция министри;

Кудайберген Базарбаев — эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри;

Таалайбек Ибраев — энергетика министри;

Нурдан Орунтаев — Бишкек шаарынын вице-мэри.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

417