7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Кара-Суу районунда “Евро Азия Групп”  борборун ишке киргизди

265

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-ноябрда, Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө Кара-Суу районундагы “Евро Азия Групп” индустриалдык-логистикалык борборун ишке киргизүү аземине катышты.

Жалпы суммасы 40 млн АКШ долларын түзгөн долбоор жеке инвестициялардын жана фонддор менен банктардын колдоосунун негизинде ишке ашырылды. Борбор тигүү буюмдарын чыгарууга адистешкен жана долбоордук кубаттуулугу жылына 1 миллион бирдикти түзөт.

Муну менен 600 жаңы жумуш орундары түзүлөт. Президент Садыр Жапаров өндүрүш менен таанышып, индустриалдык-логистикалык комплекстин ачылышы региондун өнөр жайын жана инфраструктурасын өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп, экономикалык кызматташтыкты чыңдоо жана Кыргыз Республикасынын экспорттук потенциалын кеңейтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзөөрүн белгиледи.

 

.

 

 

 

 

266