7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Караколдогу мурдагы соттордун бошотулган имараттарын көрүп чыкты

556

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-мартта, Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Каракол шаарындагы мурдагы соттордун бошотулган имараттарын көрүп чыкты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы азыркы учурда Сот адилеттиги үйүндө жайгашкан Ысык-Көл административдик сотунун эски имаратынын абалы менен таанышып, бошотулган имаратты Каракол шаарынын мэриясынын балансына Мамлекеттик салык кызматынын Каракол шаарындагы башкармалыгына пайдаланууга берүүнү тапшырды.

Ал эми мурда салык кызматына тиешелүү бошотулган имаратты жаңы бала бакчага ылайыктап, реконструкциялоо тапшырмасы берилди. Садыр Жапаров ошондой эле Каракол шаардык сотунун имаратын Каракол шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп, мурдагыдай кайра бала бакча калыбына келтирүүнү тапшырды.

Президент Сот адилеттиги үйүнө көчүп барган Ысык-Көл облустук сотунун мурдагы имаратын да кыдырды. Азыркы учурда бул имаратка Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгы, Каракол шаарынын жана Ак-Суу районунун сот аткаруучулар кызматынын түзүмдөрү көчүп барган.

Президент Садыр Жапаров сот тутумунун кызматкерлери үчүн түзүлгөн шарттар сот бийлигинин өкүлдөрүнүн ишинин натыйжалуулугун жана ачык-айкындуулугун мындан ары да жогорулатууга, ошого жараша жалпы сот тутумуна болгон элдин ишенимин арттырууга өбөлгө түзөрүнө бекем ишенерин билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

557