7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Касым-Жомарт Токаев Казакстанга учуп кетти

668

Президент Касым-Жомарт Токаевдин бүгүн, 26-майда Кыргызстанга болгон расмий сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Сапардын алкагында «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин расмий жолугушуу аземи болду.

Өлкө лидерлери чакан жана кеңейтилген форматтарда сүйлөшүүлөрдү өткөрүшүп, кыргыз-казак көп кырдуу кызматташтыгынын абалын жана мындан ары чыңдоо келечегин олуттуу талкуулашты, ошондой эле аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алышты.

Мамлекет башчылары сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттангандыгын билдиришип, эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоого багытталган бир катар документтерге кол коюшту, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Президенти жана Казакстан Республикасынын Президентинин Биргелешкен билдирүүсү.

Андан соң Бишкекте өтүп жаткан Евразиялык экономикалык форумдун видеоконференцбайланыш форматындагы пленардык жыйыны болду. Жыйынга катышкан Президент Садыр Жапаров, Президент Касым-Жомарт Токаев, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян жана Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко ЕАЭБ алкагында өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө байланыштуу суроолорго жооп беришти.

Ошондой эле, Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев чогуу казак акыны Абай Кунанбай уулунун эстелигин жана Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин филиалын ачышты.

Кечинде президент Касым-Жомарт Токаев Казакстанга учуп кетти.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

669