7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Кербендеги «Караван» аэропортун модернизациялоо иштери менен таанышты

629

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-июнда, Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө Аксы районунун Кербен шаарында жайгашкан «Караван» аэропортун модернизациялоо долбоорунун аткарылышы менен таанышты.

Мамлекет башчысына “Караван” аэродромунун элементтеринин жасалма бетинде оңдоо-калыбына келтирүү иштери жүрүп жатканы, 1972-жылы пайдаланууга берилген учуу-конуу тилкеси кеңейтиле тургандыгы жөнүндө маалымат берилди.

Аэропортто ички аба каттамдарды тейлей турган аэровокзал бар. Бишкек-Кербен-Бишкек багыты боюнча үзгүлтүксүз аба каттамдар коммерциялык жүктүн жоктугуна байланыштуу токтотулган. Бул каттам боюнча акыркы рейс 2007-жылы жасалган.

Учурда «Караван» аэропортун модернизациялоо боюнча оңдоо иштери дээрлик аяктап, июль айынын аягына чейин аэровокзалдын ишке берилиши пландалууда. Алар аяктагандан кийин бардык келген жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн тиешелүү шарттар түзүлөт.

Мамлекет башчысы башталган программанын алкагында аймактардагы аэропортторду модернизациялоо, өлкөнүн аймактарында ички аба каттамдарын жакшыртуу үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатканына басым жасады.

Президент Садыр Жапаров бул чаралар биринчи кезекте жарандардын ыңгайлуулугуна, туризмди өнүктүрүүгө, аймактардын экономикалык потенциалын жогорулатууга багытталганын эске салды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

630