7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент ӨКМге МИ-8 МТВ тик учагын тапшырды 

316

Бүгүн, 17-октябрь күнү президент Садыр Жапаров Өзгөчө кырдаалдар министрлигине көп максаттуу Ми-8 МТВ тик учагын тапшырды.

Белгилей кетсек, тик учак Россиянын президенти Владимир Путин менен Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун сүйлөшүүсүнүн негизинде Кыргызстанга гранттык негизде берилди.

Эки өлкөнүн достук алакаларынын алкагында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин техникалык мүмкүнчүлүктөрү кыйла көтөрүлдү. Атап айтсак бул жылы жаз алды менен алынган 40 өрт өчүрүүчү заманбап техника жана бүгүн өткөрүп ала турган “МИ-8 МТВ” тик учагы. 

Россиянын Казань заводунан 2023-жылы чыгарылган тик учак 6000 метр бийиктикке чейин учуп, тоолуу аймактарда аба ырайынын түрдүү шартына карабастан күнү-түнү учууга жөндөмдүү. Издеп-куткаруу, ачык аянттагы, тоо боорундагы өрттү өчүрүүгө, 4 тоннага чейинки жүктү ташууга жана башка көп максатта колдонууга ылайыкталган.

 Ми-8 МТВ тик учагы 24 адамды өзүнө батырып, зарыл учурда бүктөлгөн отургучтарды алуу менен медициналык жабдыктар жайгаштырылат. Курамына медициналык керебет, кардиограмма, дефибриллятор, кислороддук аппарат, монитор ж.б. керектүү жабдуулар орнотулуп, тик учак жабырлануучуну жерге конбостон лебедканын жардамында (300кг салмакка чейин) ыкчам эвакуациялоого ылайыкталган. Ошондой эле кошумча эки май багы, күчтүү кыймылдаткыч орнотулуп, саатына 230км аралыкты -50 сууктан 50 ысыкта да уча алат.  

Расмий тапшырууга кадырлуу мейман катары Россия Федерациясынын Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-лейтенант Александр Куренков баш болгон атайын делегация катышты. Президент Садыр Жапаров А.Куренковго эки өлкөнүн ортосундагы кызматташууга кошкон чоң салымы үчүн Кыргыз Республикасынын «Даңк» медалын тапшырды. Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин ортосундагы кызматташуу куткаруучулардын тажрыйбасын жогорулатуу, жарандык коргонуу жана өрт өчүрүү кызматындагы адистерди даярдоо, техникалык мүмкүнчүлүктү жогорулатуу багытында бекем өнүгүү жолунда келе жатат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

317