7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: Коррупцияга каршы жарыяланган аёсуз күрөш уланып жатат

552

Өлкө коррупция менен күрөшүүдө туура багытта бара жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан III Элдик курултайда жасап жаткан кайрылуусунда билдирди.

«Биз ишибизди баштаганда эле коррупцияга каршы аёосуз күрөш жарыялаганбыз. Ал күрөш улам барган сайын күчөп, улантыла бермекчи. Сиздердин колдооңорсуз коррупцияны жеңүү мүмкүн эмес. Коррупцияны жок кылуу ар бир кыргызстандыктын милдети», — деп белгиледи өлкө башчысы.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында III Элдик курултай өтүүдө. Курултайга 689 делегат катышып жатат.

 

553