Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында бүгүн, 24-октябрда, Виртуалдык активдерди жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин экинчи жыйыны болуп өттү.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө азыркы учурда финансы системаларын санариптештирүү глобалдык өнүгүүнүн негизги багыттарынын бири болуп калганын белгиледи. Барган сайын көп өлкөлөр санариптик валюталарды киргизип, стейблкоиндерди жана токендерди түзүүдө.
“Кыргызстан — чөлкөмдөгү виртуалдык активдер жөнүндө мыйзам кабыл алынган жана бул жаатта ырааттуу мамлекеттик саясат жүргүзүп жаткан саналуу өлкөлөрдүн бири. Өлкөдө виртуалдык активдер рыногу активдүү түрдө калыптанууда, лицензияланган катышуучулардын саны өсүүдө, ченемдик база күчөтүлүүдө, инфраструктуралык демилгелер жаралууда”, — деди Садыр Жапаров.
Ал ошондой эле Кыргызстан криптовалюталарды кабыл алуу боюнча глобалдык индексте 19-орунду ээлеп, Борбор Азияда ишенимдүү түрдө алдыда турарын баса көрсөттү. Бул коомдун санариптик чечимдерди кабыл алуу деңгээлинин жогору экендигин билдирерин кошумчалады.
Бул өңүттөн алганда Улуттук кеңешти түзүү логикалык кадам болуп калды. Эми мамлекеттик органдардын, эксперттердин жана эл аралык өнөктөштөрдүн мүмкүнчүлүктөрү бириктирилди.
Президент күн тартибине токтолуп, актуалдуу, анын ичинде инфраструктуралык демилгелерди ишке ашыруу, жасалма интеллект жаатында кадрларды даярдоо жана тобокелдиктерди башкаруу багыттарын белгилеп өттү.
“Адамдык потенциалды, натыйжалуу жөнгө салууну жана технологиялык базаны айкалыштыруу аркылуу гана санариптик экосистеманын туруктуулугун жана жарандардын, бизнестин жана эл аралык өнөктөштөрдүн ишенимин камсыз кылууга болот”, — деп белгиледи Президент.
Ал Кыргызстандын артыкчылыктарын баса белгиледи, алардын арасында ийкемдүү институционалдык чөйрө, таланттуу жана шыктанган жаштар, ошондой эле мамлекеттик кызматтарды жана инфраструктураны активдүү санариптештирүү бар.
“Бул факторлордун жыйындысы өлкөнү виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү аймактык хабга айландыруу милдетин реалдуу жана ишке ашырууга мүмкүн кылат», — деди Мамлекет башчысы.
Садыр Жапаров бул максат системалуу мамилени жана стратегиялык координацияны талап кылат. Улуттук кеңеш эксперттик потенциалды, эл аралык тажрыйбаны жана саясий эркти интеграциялоо аянтчасы катары дал ушундай ролду аткарат.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Төрагасы Камчыбек Ташиев киберкоопсуздукка көңүл буруп, санарип экономикасында чоң мүмкүнчүлүктөр гана эмес, тобокелдиктер дагы бар экенин баса белгиледи.
Ал улуттук коопсуздук органдары виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү кылмыштар үчүн жоопкерчиликти карай турган кылмыш мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин иштеп жатканын кошумчалады.
Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, Улуттук кеңештин мүчөсү Чанпэн Чжао сөз сүйлөп, биргелешкен аракеттер менен биринчи жыйындын жыйынтыгы боюнча коюлган милдеттерге жетишүүгө мүмкүн болгонун белгиледи. Ошондой эле Кыргызстан Binance системасы менен толук локализацияланган Борбор Азиядагы биринчи өлкө болуп калганын баса белгиледи.
Чанпэн Чжао алдадыдагы иштерге токтолуп, кыргыз улуттук KGST стейблкоинин коммерциялык банктар менен интеграциялоо жана улуттук криптовалюталык резервди түзүүнү тездетүү зарылдыгына көңүл бурду.
Соңунда Президент Садыр Жапаров бүгүн кабыл алынган чечимдерди өз убагында жана сапаттуу аткаруу зарылдыгын да ырастады. Улуттук кеңештин ырааттуу ишинен экономиканы модернизациялоо, финансылык процесстердин ачыктыгын арттыруу, жарандарга заманбап шаймандардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү жана санариптик эгемендүүлүктү күчөтүү көз каранды болуп саналат.



