7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Кыргызстан менен Шри-Ланка курама командаларынын беттешине барды

257


Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-сентябрда, Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн Кыргызстан менен Шри-Ланка курама командаларынын ортосундагы футболдук беттешке барды.

Оюн 2026-жылы өтө турган футбол боюнча Азия Кубогуна (U-23) тандоонун алкагында өттү. 

Кыргызстан курамасы Шри-Ланка курамасын 6:0 эсебинде жеңди. 

Буга чейин биздин футболчулар «E» тайпасында Палестинаны 2:1 эсебинде жеңип, Өзбекстан менен 2:2 эсебинде тең чыгышкан. 

Ошентип, Кыргызстандын жаштар курама командасы (U-23) тарыхта биринчи жолу Азия Кубогуна жолдомо алды.

 

 

 

258