7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент кыргызстандык православдарды Пасха майрамы менен куттуктады

580

Бүгүн, 16-апрелде президент Садыр Жапаров кыргызстандык православдарды белгиленип жаткан Пасха майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Өлкө башчысы ыйык Пасханын кубанычы адамдардын жүрөгүн жылытып, ишенимин ойготуп, жакшы иштерди жасоого дем берерин белгилеген.

«Пасха — адеп-ахлактык жактан өтө чоң мааниге ээ бардык православ христиандарынын кубанычтуу майрамы. Ал жаңылануунун, тазалануунун, жакындарды сүйүүнүн, боорукерликтин жана кечиримдүүлүктүн символу. Кыргызстан көп конфессиялык өлкө болуп саналат. Анда түрдүү диндердин жана конфессиялардын өкүлдөрү өз ара түшүнүшүү атмосферасында жашайт, ар бир диндин өз орду бар» — деди Жапаров.

Ошондой эле ал мамлекет ар дайым конфессиялар ортосундагы ынтымакты жана тынчтыкты бекемдөөгө бардык күчүн жумшай турганын билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

581